Андагы маалыматка ылайык, 1924-жылы кыргыз элинин Кара-Кыргыз автоном облусу негизделип, алгачкы облустук уюм-мекемелер, анын ичинде облустук сот да түзүлө баштаган.
Ошол учурда кыргыз сотунун эң биринчи төрагасы болуп Лев Авербург дайындалган. Облустук соттун курамына пленум, президиум жана кылмыш, жарандык, тартип иштерин кароочу коллегиялар кирген.
1930-жылдын сентябрында Кыргызстандын аймагы 24 административдик районго бөлүнгөн. Ушуга байланыштуу республикада 24 райондук сот жана Фрунзе шаарында элдик соттун 2 участкасы уюштурулган.
Тилекке каршы, адилет сот ишинин эң эле чынчыл жана өз ишин так аткарган кызматкерлери репрессиянын курмандыгына айланганы айтылат.
Репрессияга кабылгандардын катарында өлкөнүн жогорку сот органына түрдүү мезгилдерде жетекчилик кылган төмөнкү адамдар болгон:
- Лев Авербург (1924-1925);
- Иманбек Текеев (1927);
- Курманалы Кулумбаев (1927-1928);
- Иманалы Айдарбеков (1928-1929);
- Ян Цимдин (1929-1931);
- Фахритдинов (1932);
- Абдыкадыр Абдраимов (1931);
- Коенбай Орозбакиев (1932);
- Санжар Сегизбаев (1937);
- Садвакас Дүйшөналиев (1938-1940).
1960-жылы өлкөнүн сот түзүлүшү жөнүндөгү мыйзам кабыл алынып, кыргыз сотунун кесиптик ишмердигинин негизги принциптери тастыкталган.
Ал эми Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин сот өндүрүшүндө, сот түзүлүшүндө процесстик жана материалдык мыйзам жаатында орчундуу өзгөрүүлөр болгон.
Азыркы тапта Жогорку сотту 2018-жылдан бери Гүлбара Калиева жетектеп келет.