Кардын калыңдыгы 15 сантиметрге жетти. Министрлик жолдогу абал тууралуу

Мекеме айдоочуларды унаалардын дөңгөлөгүн кышкысына алмаштырууга жана каршы тилкеге чыгып, жол тыгынын жаратпоого чакырат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кардын калыңдыгы 10-15 сантиметрге жетти. Буга байланыштуу Транспорт жана жолдор министрлиги аба ырайынын шарттарына байланыштуу жолдордогу абал тууралуу маалымат берди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин шашылыш билдирүү тараткан.

Кыргызстандагы бардык жолчуларга күнү-түнү иштөө милдети жүктөлдү
Учурда жолчулар Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларындагы трассаларга инерттүү материалдарды сээп, жолдорду тазалап жатышат. Бишкек — Ош жана Талас — Суусамыр автожолдору ачык, тыгын жок.

Бороонго карабастан Долон (Бишкек — Нарын — Торугарт) жана Чапчыма (Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кировка) ашууларынын тайгак участкаларына да атайын каражаттарды себүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Транспорт жана жолдор министрлиги айдоочуларга жайкы дөңгөлөк менен жолго чыкпоого, трассаларда сак болуп, унаалардын арасындагы 500 метр аралыкты сактоого чакырат.

Мындан сырткары, тыгындарды пайда кылбаш үчүн каршы тилкеге чыкпоо эскертилди.