Бишкек – Ош жолуна чектөө киргизилип, бардык унаалар текшерилип жатат

Чектөөлөр Жалал-Абад облусу тараптан киргизилди. "Арал" постунан унаалардын бардык түрлөрү текшерилип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-ноя. – Sputnik. Бишкек – Ош жолуна унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Мындай чаралар Ала-Бел ашуусуна калың кар түшкөнүнө байланыштуу көрүлүүдө. Жол инспекторлору коопсуздукту сактоо максатында "Арал" постунан жүк ташыган унааларды өткөрбөй жатат.

Мындан сырткары, жеңил унаалар дагы токтотулуп, дөңгөлөк үчүн чынжырлардын бар-жогу текшерилүүдө. ОЖКККБдан кабарлашкандай, жол чарба кызматтары трассаны тазалап жатат.

Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы дагы айдоочуларды Төө-Ашуу, Бишкек – Ош жана Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда сак болууга чакырды.