Новиков Чүйдө пандемиянын айынан ачылбай турган заводду көрүп келди. Сүрөт

Ишкана быйыл өндүрүштү ишке киргизүүнү пландап, бирок пандемиянын айынан токтоп турат. Өкмөт башчы анын 2021-жылдын биринчи кварталында иштей баштайт деп ишеним артарын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кайыңдыдагы металлды кайра иштетүүчү заводдун иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Чүйдөгү Кайыңды шаарындагы металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүргөн "Металл-Кен" ЖЧКнын заводу иштөөгө даяр экени, бирок пандемиядан улам ачылбай турганы кабарланды.

"Ишкана Кытайдан буйрутмага берилген керектүү жабдууларды жана заводдун жумушчуларын окутуу үчүн адистерди өлкөгө алып келе албай жатканын билем. Өкмөт бул маселени ыкчам чечүүгө жардам берет. Тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилет", — деди Новиков.

Өкмөт 2021-жылы салык менен бажыдан канча акча чогултат? Долбоор
Өндүрүшкө салынган инвестициянын жалпы көлөмү 50 миллион доллар. Завод арматуранын бардык түрлөрүн жана сапаттуу металл буюмдарын чыгарат. Өндүрүштүн жылдык пландаштырылган көлөмү 200 миң тоннадан ашык болоттон жасалган буюмдар түзөт.

Долбоорго ылайык, заводдо 500гө жакын адам иштейт, анын ичинен 200дөн ашууну Кайыңды шаарынын жана жакынкы калктуу конуштардын тургундары.