900дөй кызмат орду бош! Жергиликтүү бийлик органдарындагы ваканттык орундар

Аймактардагы аткаруу бийлигинин жетишкендиги кызматкерлердин кесипкөйлүгү менен бааланат. Sputnik Кыргызстан агенттиги учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында канча жумуш орундары бош тургандыгын тактап көрдү.
Sputnik

Мамлекеттик кадр кызматынын маалыматына ылайык, учурда муниципалдык органдарда 900гө жакын кызмат орундары бош турат. Жалпы республика боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелеринде 9 750 штаттык кызмат болсо, анда учурда 8 881 адам иштеп жатат. Ал эми калган 869у ваканттык орун.

Аймактар муктаж болгон адистиктер жана алар билим алчу окуу жайлар. Тизме
КР мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумуна айылдык жана шаардык кеңештер, айыл өкмөттөр, шаарлардын мэриялары кирет.

Эгер өлкөнүн аймактарын бөлүп карасак, Ош, Чүй облустарынын муниципалдык мекемелери кызматкер издегендердин сап башында турат. Ал эми Нарын облусу жана Ош мэриясы менен шаардык кеңеши сынак жарыялап, кызматкер издегендердин соңунда.

Жалпы республика боюнча бош турган жумуш орундарынын көпчүлүгү административдик кызматтар. Аларга мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, экономика жана башка адистиктерди аяктаган жогорку билимдүү адистер талап кылынат.