Радио

Көлөпов: ИИМдин убактылуу кармоочу жайында 30 адамдан пневмония чыкты

Акыйкатчы институтунун өкүлү Альберт Көлөпов ШИИБге караган 60 орундуу убактылуу кармоочу жайда 100 адам кармалып турганын айтты.
Sputnik
Көлөпов: ИИМдин убактылуу кармоочу жайында 30 адамдан пневмония чыкты

ШИИБдин карамагындагы мыйзам бузган жарандарды 48 саат кармоочу жайда 30 адам пневмонияга чалдыккан. Бул тууралуу Альберт Көлөпов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган 30 адамга медициналык жардам көрсөтүү көйгөйлөрү курч турат.

"ИИМдин ШИИБине караштуу убактылуу кармоочу жайы 60 адамга ылайыкташкан. Бирок анда учурда 100 адам бар. Алардын 30унан пневмония аныкталган. Вирустук диагноз менен СИЗОго да алынбай, кадимки жарандык ооруканаларга да кайрыла алышпай, начар шартта отурушат. Керектүү медикаменттер жетишсиз, болгону бир фельдшер иштейт. Сыз, тар жерде отурган бул адамдардын ден соолугуна көңүл буруп, абалды жөнгө салуу үчүн биз коронавирус менен күрөшүү боюнча түзүлгөн Республикалык штабга кайрылуу жиберебиз", — деди Көлөпов.

Ал адам өлүмү каттала электе ыкчам чара көрүү зарылдыгы турганын кошумчалады.