Мыйзамсыз байыган. Экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашевге иш козголду

Финансы полициясынын кызматкерлери 2020-жылдын ноябрь айында мурдагы аткаминердин үйүн тинтүүгө алган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматта Финансы полициясы Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаганы айтылат.

"Мурдагы вице-премьер С.Т. мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алган. Кийин аны декларацияларда көрсөтпөстөн жакын туугандарына каттаган", — деп айтылат маалыматта.

Финпол бул сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Сарпашев суракка чакырыларын белгиледи.

23 млн. доллар... Финпол кылмыштуу кирешени адалдаган схеманы аныктады
Белгилей кетсек, Тайырбек Сарпашев 2012-2014-жылдары Кыргызстандын экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министри болуп эмгектенген. 2020-жылдын ноябрь айында Финпол анын үйүн тинтүүгө алган.

Тергөөгө ылайык, 2016-жылы президенттин аппаратынын кызматкерлери, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, судьялар жана сот тутумунун өкүлдөрү соттун чечимдерин жасалмалап, Максим Бакиевге жакын кишилердин мүлкүн камакка алуу чечимин жокко чыгартышкан. Алар муну менен "Г.Э" ишканасынын кызыкчылыгын көздөшкөн. Сарпашев 2015-2017-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп турган.