Соцтармак Марадонанын бокстагы дебютун эскерди. Видео

Беттештен бир күн мурда мушкерлер салт катары таразага түшүшүп, Марадона атаандашынан 14 килограммга оор болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. – Sputnik. Диего Марадона 1996-жылы бокс спортунда өз күчүн сынап, досу, кесипкөй бокстун эки салмак боюнча дүйнө чемпиону Сантос Ласьяр менен рингге чыккан. Бул тууралуу World Boxing Council (Дүйнөлүк бокс кеңеши) уюму футболчунун бокстагы дебютун эскерип, анын беттешиндеги үзүндүлөрүн Instagram баракчасына жарыялады.

Марадона ошол кезде өзү ойногон "Бока Хуниорс" футбол командасынын кийимине түспөлдөш көк-сары түстөгү чолок шымчан мушташкан. Атаандашы Ласьяр WBA (Дүйнөлүк бокс ассоциациясы) уюмунун титулу үчүн түштүк африкалык Питер Матебуланы уткандан кийин 15 жылдан соң рингге чыккан.

Маалыматтарга ылайык, беттештен бир күн мурда мушкерлер салт катары таразага түшүп, Марадона (75,3 килограмм) атаандашынан (61,45 килограмм) 14 килограммга оор болгон.

Диего Марадонанын өлүмүнүн чоо-жайы айтылды
Тамашалуу маанайдагы беттеш үч раундга созулуп, айрым жеринде боксчулар бири-бирине эмес, калыска чабуул жасап, соккулашкан. Беттештин соңунда легендарлуу футболчу топту бут менен ойноонун керемет ыкмаларын жасап, көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөргөн.

Эске салсак, Диего Марадона 25-ноябрда 60 жаш курагында Буэнос-Айрес шаарынан анча алыс эмес жайгашкан Тигре шаарындагы жашап жаткан үйүндө жүрөк кемтиги оорусунан улам көз жумган.

Аргентинанын президенти бул кайгылуу окуяга байланыштуу үч күндүк аза күтүү күнүн жарыялаган.