Өзгөн менен Араванда эки төрөт үйү пайдаланууга берилди

Өзгөндөгү жаңы салынган төрөт үйү үч кабаттуу, имарат 60 орунга ылайыкташтырылган. Ал эми Аравандагы имарат эки кабаттуу, 38 орундуу.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Өзгөн районунда аймактык ооруканага караштуу төрөт бөлүмүнүн жаңы салынган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдирди.

Ага ылайык, жаңы имарат "Ас-Сафа" коомдук бирикмесинин демөөрчүлүгү менен 2019-жылдын декабрь айында курула баштаган.

"Төрөт үйүнүн ичинде бейтаптар менен медиктер үчүн бардык шарттар түзүлүп, заманбап медициналык жабдыктар, эмерек менен камсыздалган. Үч кабаттуу жаңы төрөт үйү 60 орунга ылайыкташтырылган", — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле коомдук бирикме тарабынан Араван районуна да төрөт үйү салынып, пайдаланууга берилгени маалым болду. Бул райондогу төрөт үйү эки кабаттуу, 38 орундуу. Анын курулуш ишине жалпы 100 миллион сом сарпталганы кошумчаланды.