Өз тажиямда эмне дээр элем... Марадонанын эски видеосу желдей тарады

Диего Марадонанын каза болгону тууралуу кабар 25-ноябрда айтылган. XX кылымдын мыкты футболчуларынын бири жүрөк кемтигинен каза болду.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Соцтармакта Диего Марадонанын өзүнүн акыркы сапарга узоо зыйнатында эмне деп айткысы келмектиги боюнча суроого жооп берген видеосу вирустай тарап жатат.

"Чемпионаттын" маалыматына караганда, бул 2005-жылы аргентиналык теле берүүгө чыккан La noche del 10 берүүсүнүн үзүндүсү.

"Өзүмдүн акыркы сапарга узаган зыйнатымда эмне деп айткым келер эле... Футбол ойногонума рахмат. Бул спорт мага кубаныч жана эркиндик берди. Асманды колуңа кармап тургандай эле сезим. Топко дагы рахмат. Табытыма "топко рахмат" деп жазып койгула", — деген Марадона.

Видео Bolavip Facebook аккаунтуна жарыяланды.

Диего Марадонанын каза болгону тууралуу кабар 25-ноябрда тараган. XX кылымдын мыкты футболчуларынын бири жүрөк кемтигинен каза болгон.