Лукашенко жаңы Конституция кабыл алынганда президент болбой турганын жар салды

Лукашенко азыркы Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктарына басым жасалганын айтып, өлкөнүн пайдасы үчүн жаңысын кабыл алуу керектигин белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин өлкө башчысы болбой турганын жар салды. Бул тууралуу БелТА агенттиги жазды.

"Конституцияны өзүмө ылайыктаган жокмун. Жаңы Баш мыйзам кабыл алынса, мен силердин президентиңер болуп иштебейм. Ошондуктан муну жеңил кабыл алып, тынч болгула", — деген президент.

Лукашенко Кыргызстандагыдай элдик кошуундарды түзүүнү сунуштады
Ал шайлоонун жыйынтыгын кимдир бирөөнүн жасалмалоосуна жол бербей турганын айтып, ошол себептен жаңы Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоп жатканын айткан.

"Мен жаңы Баш мыйзамдын тарапташымын. Себеби азыркы иштеп жаткан Конституцияны "белгисиз президенттин" колуна карматканга болбойт", — деген ал.

Лукашенко азыркы Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктарына басым жасалганын айтып, өлкөнүн пайдасы үчүн жаңысын кабыл алуу керектигин белгилеген.