Бейтап ойгоо болгон. Кыргызстанда уникалдуу операция жасалды. Видео

ТАВИ технологиясы – бул аорталык клапандын биопротездик имплантациясы. Ал адистештирилген катетердин (жеткирүү системасы) жардамы менен сандагы артерия аркылуу жасалат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. – Sputnik. Кыргызстанда Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасында биринчи ирет TAVI (аорталык клапандын имплантация) технологиясын колдонуу менен жүрөккө операция жасалды. Бул тууралуу кардиохирург Талант Эралиев Facebook баракчасына жарыялады.

Операцияны Талант Эралиев, Олег Крестьянинов, Канат Аширов жана башка дарыгерлердин тобу жасаган.

Клапандын имплантациясы 86 жаштагы бейтапка кан тамыр аркылуу жасалып, жүрөктүн согушу токтогон эмес.

"Бейтап ойгоо болгон, ага ооруну сездирбей турган дары куюлган. Бул операциянын уникалдуулугу — бейтап ооруканада көпкө кармалбайт. Ал тез эле үйүнө жиберилип, кадимки толук кандуу жашоого кайтат", — деди кардиохирург.

ТАВИ технологиясы – бул аорталык клапандын биопротездик имплантациясы. Ал адистештирилген катетердин (жеткирүү системасы) жардамы менен сандагы артерия аркылуу жасалат. Бул учурда адамдын жүрөгү иштей берет. Мында канды жасалма жол менен айландыруу техникасы колдонулбайт жана операция үчүн адамдын денеси кескиленбейт.