Быйыл Кыргызстанда эт көбүрөөк өндүрүлдү. Тогуз айдын жыйынтыгы

Өлкөдө соңку айларда эттин баасы өсүүдө. Мунун себебин бийлик Кыргызстандагы малга Өзбекстан менен Тажикстанда суроо-талап күч экендиги менен түшүндүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Ушул жылдын тогуз айында 294 миң тонна эт өндүрүлгөнүн (канаттуулардын этин кошкондо) Улуттук статистика комитети билдирди.

Ал эми өткөн жылдын январь-сентябрь айларында 289,5 миң тонна эт алынган. Ошондой эле сентябрь айында 41,4 миң тонна эт өндүрүлдү, бул өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу миң тоннага көп.

"Мал менен канаттуунун этин өндүрүүнүн 1,6 пайызга өсүшү малдын көбөйүшүнөн улам болду", — деп билдирет Статком.

Өлкөдө жыл башынан бери кымбаттаган жана арзандаган азыктардын тизмеси
Буга чейин Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги Казакстанда мал экспорттоого тыюу салынгандыгына байланыштуу Кыргызстандагы малга Өзбекстан менен Тажикстанда суроо-талап бар экендигин билдирген.

Мындан тышкары, алып сатарлар кырдаалдан пайдаланып, бааны көтөрүп жиберишкен. Уй этинин килограммы 450 сомдон ашканы да белгилүү. Ошондон улам өкмөт Кыргызстандан мал экспорттоого убактылуу тыюу салган.