БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары рангындагы Курманбек Дыйканбаев эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Дыйканбаевдин баш коргоо чарасы кечээ, 26-ноябрда, аталган сотто тандалган. Ага ылайык, кийинки жылдын 24-январына чейин тергөө абагына киргизүү чечими кабыл алынган болчу.
Курманбек Дыйканбаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен айыпталууда. УКМКнын билдиришинче, ал октябрдагы парламенттик шайлоо өнөктүгү маалында стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишкананын башчысын бир партиянын кызыкчылыгы үчүн 7 миллион сом берүүгө мажбурлаган. Эгер баш тарта турган болсо, кызматтан кетирерин айтып коркутканы тергөөдө аныкталган.