Октябрь районунун мурдагы акими Куценко үй камагына чыгарылды

Куценко администрация башчысы болуп ноябрь айынын башында дайындалган, бирок бир айга жетпей коррупцияга шектелип кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарына караштуу Октябрь районунун мурдагы акими Константин Куценко үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, анын баш коргоо чарасы 11-январга чейин күчүндө болмокчу.

Бишкектин Октябрь районуна аким болуп Караколдун экс-мэри келди
Куценко аталган кызматка ноябрь айынын башында келген, бирок бир айга жетпей ал коррупцияга шектелип кармалды.

Мурдагы аким Финпол тарабынан соттун чечими менен камакка алынган жана конфискациялануучу жер участогу боюнча мурда аныкталган коррупциялык схеманын алкагында колго түшүрүлгөн. 

Ал кызматтан алынгандан кийин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Куценкону кызматка текшербей жумушка алганы үчүн соцтармак аркылуу элден кечирим сураган. Ал кызматтан кеткен соң ордуна Данияр Арпачиев келген.