Бука сатып берем деген. Ошто элди 1,5 млн. сомго алдап кеткен адам кармалды

Элди алдап жүргөн адам Аравандын Кайрагач-Арык айылынын 38 жаштагы тургуну болуп чыкты. Учурда ал Араван РИИБинин убактылуу кармоочу жайында.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Ош облусунун Араван районунда жашоочулардан ири өлчөмдөгү акча алып, бербей качып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, милицияга Ош облусунун жана Ош шаарынын жети тургуну арыз менен кайрылган. Алар Аравандын К.Г. аттуу тургуну багылган букаларын сатып, акчасын берем деп алдап, качып жүргөнүн билдиришкен.

Жалпы келтирилген чыгым 1 миллион 558 миң 800 сомду түзгөн.

"Аталган арыз боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында Аравандын Кайрагач-Арык айылынын 38 жаштагы К.Г. аттуу тургуну кармалды. Ал Ош облусунда адамдардын ишеничине кирип, алдамчылык менен алектенип жүргөн", — деди Ашырбаев.

Колго түшүрүлгөн киши Араван РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы айтылды.