Атамбаев, Ниязов жана Сагымбаев сотко алып келинди. Сүрөт

Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров мурдагы президент Алмазбек Атамбаев фигурант болгон үч кылмыш ишин бириктирип салган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуялары боюнча ишти карай баштады. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.

Адвокат Жээнбековдун кабинетинен табылды делген Атамбаевдин видеосун жарыялады
Сотко Алмазбек Атамбаев, президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязов жана УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев алып келинген.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров мурдагы президент Алмазбек Атамбаев фигурант болгон үч кылмыш ишин бириктирип, сотко чейинки бир өндүрүш катары кароону чечкен. Анда Кой-Таш окуясы, Кой-Таш айылындагы жерлер боюнча коррупциялык иштер жана мыйзамсыз кирешелерди адалдаштыруу иштери бириктирилген