Ар бир булчуңдун кыймылы көрүнүп... Шевченко катышкан турнирден өзгөчө видео

Комментаторлор белгилегендей, видеонун жайлатылган версиясында беттеш алда канча кызыктуу жана ар бир сокку даана көрүнөт.
Sputnik

Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) уюму эже-сиңди Антонина жана Валентина Шевченколор катышкан турнирдин жайлатылган видеосун жарыялады.

Шевченкодон жеңилген Женнифер Майя беттеш тууралуу билдирүү жасады
Комментаторлор роликтин мындай версиясы мушкерлердин ар бир соккусун даана көрсөтүп, турнирдин кызыгын арттырганын белгилешкен.

22-ноябрда өткөн турнирде Шевченко чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоп калган. Беш раундга созулган айыгышкан беттеш жүрүп, кыргызстандык мушкер кыз толук артыкчылык көрсөткөн.

Ал эми Антонина Шевченко бразилиялык Ариана Липскини техникалык нокаут менен жеңип алды. Кийин ага мыкты беттеш көрсөткөнү үчүн 50 миң доллар бонус катары берилген.