Доллар курсу ооздукталбай... Улуттук банк кайра интервенция жасады

Доллар курсун калыбына келтирүү үчүн Улуттук банк ноябрь айындагы сегизинчи интервенцияны ишке ашырды. Бирок буга карабай, доллардын курсу дагы беш тыйынга кымбаттап кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Улуттук банк АКШ валютасынын курсун калыбына келтирүү үчүн бир ай ичиндеги сегизинчи инвервенцияны ишке ашырып, дагы 3,1 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында көрсөтүлдү.

Бир ай ичиндеги жетинчи интервенция. Улуттук банк дагы доллар сатты
Бул ноябрь айындагы жетинчи интервенция. 12-ноябрь күнү 26,8 миллион доллар сатыкка коюлган. Ал эми өткөн жумада Улуттук банк ар бир иш күнү рынокко доллар чыгарып жатты. Акыркы сатыктагы каражатты кошкондо бардыгы болуп бул айда 34 миллион 950 миң доллар рынокко чыкты.

Өткөн жуманын акыркы күндөрүнөн тарта доллардын курсу 84,9 сомдо кармалып келген. Бирок буга чейинки акыркы интервенцияга карабай, доллар курсу беш тыйынга кымбаттады.

Кыргызстанда соңку учурларда АКШ акчасынын курсу кескин өсүп жатат. Мисалы, 11-ноябрь күнү сатып алуу 83,94 сом, сатуу 84,33 сом болсо, ошол эле аптанын аягында бир доллар 84 сом 9 тыйындан сатыла баштаган.