Россия менен ДССУ Кыргызстанга 3,5 млн. сомдук гумжардам берди

Гумжардам дарыгерлердин бригадасын өзгөчө кырдаалдан жабыркаган адамдарга биринчи жардам көрсөтүү үчүн комплектилер менен камсыздады.
Sputnik

БИШКЕК, 26-ноя. – Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчилиги менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине өзгөчө кырдаал учурунда медициналык жардам көрсөтүү үчүн жабдыктарды өткөрүп берди. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

"Гумжардамды Россия ДССУдагы линиясы аркылуу берип жатат. Медициналык жабдыктардын ичинде жер титирөө же сел жүрүү сыяктуу өзгөчө кырдаалдар учурунда жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүүгө ылайыкталган шаймандар бар", — деп айтылат маалыматта.

Комплектилердин баасы — 3,5 миллион сом. Жүктүн салмагы 4 тонна. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев донорлорго ыраазычылык билдирди.