Ошто тепкичтен автоунаа менен чыккан жаран милицияга алып келинди

Учурда тергөө кызматы окуяны иликтеп жатат, тиешелүү адистер менен келтирилген чыгымдар дагы эсептелүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Ош шаарында жолтандабасын текшерүү үчүн тепкичтен чыккан мурунку милиция кызматкери тергөөгө алып келинди. Бул туурасында Ош шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн эртең менен социалдык тармактарда адамдар түшүп-чыгууга ылайыкталган тепкичтен машинасын айдап чыккан эки жигиттин видеосу тараган. Рулда отурганы жанындагы адамдын жаңы алган автоунаасын текшерип көрүү үчүн тепкичке салып, аны өзүлөрү видеого тарткан.

Айдоочу Ош ШИИБдин тергөө кызматына алып келинип, иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

"Ал 33 жаштагы Ш.С. аттуу ички иштер органынын мурдагы кызматкери. Акыркы жолу Ош облустук ички иштер башкармалыгында иштеп, 2016-жылы кызматтан кеткен. Тергөө кызматы окуяны иликтеп көрүп жыйынтык чыгарат. Учурда тиешелүү адистер менен келтирилген чыгымдар дагы эсептелип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Бузуулар кодексинин 124-беренеси ("Авто ээнбаштык") боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган. Кийин ал Жазык кодексинин 266-беренесине ("Ээнбаштык") өзгөртүлдү.