Өткөн суткада коронавирус 427 кишиден табылып, 496 бейтап айыкты

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 16 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Алардын ичинен бирөө дартты кызыл зонадан илештирген.
Sputnik

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бир суткада коронавирус 427 кишиден табылып, 439 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Ага ылайык, адаттагыдай эле ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 178;
  • Ош – 17;
  • Чүй облусу – 94;
  • Ош облусу – 36;
  • Талас облусу – 13;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 35;
  • Жалал-Абад облусу – 23;
  • Баткен облусу – 28.

Айыккандар:

  • Бишкек – 137;
  • Ош шаары – 13;
  • Чүй облусу – 74;
  • Ош облусу – 53;
  • Талас облусу – 24;
  • Нарын облусу – 13;
  • Ысык-Көл облусу – 64;
  • Жалал-Абад облусу – 64;
  • Баткен облусу – 54.

Ушуну менен ооруну илештирип алгандардын саны 71 171ге жетти. Анын ичинен 62 544 бейтап айыкса, 1 251 адам каза тапты.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 16 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Алардын ичинен бирөө ооруну кызыл зонадан илештирген.

  • Бишкек шаары – 4;
  • Чүй облусунда – 3;
  • Ош облусунда – 1;
  • Ысык-Көл облусунда – 7 (кызыл зонадан 1);
  • Нарын облусунда – 1.

Ошол эле маалда стационардан беш, үй карантининен үч медкызматкер айыгып чыгарылган.