Бишкекте жаңы жылдык концерт, салют болбойт. Балатынын оту качан жанат

Калаа мэри концерт уюштуруу үчүн төрт миллион сом керектелерин айтып, ал каражатты башка пайдалуу нерсеге жумшоону сунуштады.
Sputnik

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында быйыл жаңы жылдык концерт жана салют уюштурулбайт. Бул туурасында калаа мэри Балбак Түлөбаев Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, символикалык түрдө балаты коюлуп, анын оту 10-декабрда күйгүзүлөт.

"Ушундай кыйын убакта мурункудай аянтта концерт коюп, салют аттырбайлы деп чечтик. Концерт уюштуралы десек эле төрт миллион сом керек экен. Ошондуктан мындан баш тартып жатабыз. Балатыны мурунку жасалгалар менен эле колдон келишинче кооздоп, күйгүзөбүз. Бул жолу бизди жаман көрбөңүздөр. Колубуздан келишинче акча коротпой, үнөмдөп, ошол каражатты башка пайдалуу нерсеге жумшасак деп ойлойбуз. Көбү туура түшүнөт болуш керек", — деди Түлөбаев.

Белгилей кетсек, өкмөт өлкөдө 1-декбрдан тарта той жана массалык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берди.