Өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын ичи. Имараттын 10 жылдан кийинки көрүнүшү

Sputnik

Бишкектин Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылы апрель окуяларынын маалында өрттөнгөн. 2020-жылдын 25-ноябрында муниципалитет анын ордуна Бишкек шаардык кеңеши (БШК) менен калаа кызматтары жайгаша турган жети кабаттуу эки имарат куруу боюнча чечим кабыл алды. Эскиздер даяр болуп, тендер жарыяланган. Курулуш шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт, сарпталган акчанын ордун бул жерге жайгаша турган шаардык кызматтардан алынган ижара акысынын эсебинен толтуруу каралууда.

Жүздөгөн адамдын каны төгүлүп... Апрель революциясын эске салган 18 сүрөт
Шаардык кеңеш келечекте Москвадагыдай болуп дайым иштеген структурага айланышы мүмкүн экени айтылды. Бүгүнкү күндө БШК менен мэрия Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги имараттан орун алган.

Эскерте кетсек, эки жыл мурун мэрия күйгөн имараттын ордуна жер алдындагы унаа токтотуучу жайы бар сквер курууну убадалаган. Муну ошол кезде мэриянын аппаратын башкарган Балбак Түлөбаев айткан. Демилгеге ЖКнын бир депутаты каршы чыгып, сквердин ордуна көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай куруу керектигин белгилеген.

 

1 / 10
Башкы прокуратуранын мурунку имараты азыр ушундай абалда
2 / 10
Имарат Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан
3 / 10
Ал 2010-жылы болгон апрель окуяларында өрттөлгөн
4 / 10
Күйүп кеткен имараттын ордуна Бишкек шаардык кеңеши менен калаа кызматтары жайгаша турган эки имарат куруу пландалууда
5 / 10
Курулуш шаардык бюджеттен каржыланмакчы
6 / 10
Сарпталган акчанын ордун бул жерге жайгаша турган шаардык кызматтардан алынган ижара акысынын эсебинен толтуруу каралууда
7 / 10
2018-жылы мэрия бул жерге жер алдындагы унаа токтотуучу жайы менен сквер курууну пландаган
8 / 10
Буга Жогорку кеңештин депутаты каршы чыккан
9 / 10
Эл өкүлү сквердин ордуна көп деңгээлдүү паркинг курууну сунуштаган эле
10 / 10
2010-жылы апрель окуяларында өрттөнгөн Башкы прокуратуранын сырткы көрүнүшү