Аксыда үй курууга берилип кеткен 4 гектар жер мамлекетке кайтарылды

2006-2012-жылдары Кербен шаарынын мэриясы жарандарга мыйзамсыз негизде жерди сатып жибергени айтылды. Сот ошол кездеги токтомдорду жокко чыгарды.
Sputnik

БИШКЕК, 26-ноя. – Sputnik. Аксы райондук прокуратурасы баасы 3 миллион 500 миң сомдон ашык болгон 4,45 гектар жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, райондук прокуратура мыйзамсыз берилип кеткен жер аянттарын кайтаруу боюнча текшерүү иштерин жүргүзгөн.

"Кербен шаарынын мэриясы тарабынан 2006-2012-жылдар аралыгында жергиликтүү тургундарга трансформациядан чыкпаган айыл чарба багытындагы 4,45 гектар жер жеке турак жай куруу үчүн берилип кеткендиги такталган", — деп айтылат маалыматта.

Сот токтомдор менен актыларды жараксыз деп таап, 4,45 гектар жерди Кербен шаардык мэриясынын балансына өткөрүү чечимин кабыл алган.