Сөз талашпаңыз! Вице-спикер Бакиров министр Токтогазиевди какты

Депутаттар чет өлкөгө мал сатууга салынган чектөөнү сындап, ага айыл чарба министри жооп берип жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов өкмөттүн чет өлкөгө мал сатууга тыюу салган чечимин сынга алды.

Ал чектөө менен базар баасын жөнгө сала албай турганын айтып, ошол эле учурда мал кармаган элеттеги тургундарды чыгымга учуратканын билдирди.

Бул суроого айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев жооп берди.

"Биз анализдеп көрдүк, эгер Беларустан эт алып келсек өзүнүн баасы 330 сомду түзөт экен. Биздеги баа 500 сомго чейин чыгып кетти. Ошондуктан этти импорттоп, валютабыз сыртка чыгарылмак. Бул жерде ортомчулар эле иштемек. Экинчиден, быйыл 2019-жылга салыштырмалуу бодо мал 12 эсеге көп чыгарылыптыр. Былтыр 718, быйыл 8 415 бодо мал сатылган. Эң негизгиси тирүүлөй ургаачы мал чыгарылып кетүүдө. Эгер биз ургаачы малды сатып салсак, келечегибиз жоголот. Азык-түлүк коопсуздугуна таасир этет. Ургаачы малды сактап калышыбыз керек, бул стратегиялык чечим болду", — деди Токтогазиев.

Бирок депутат "мал силердики эмес, канча сатышты өздөрү билет, тыюу салбагыла" деген талабын койду.

Мал жана бир катар айыл чарба продукциясы сыртка сатылбай турган болду
Анда Токтогазиев Өзбекстанда ар бир бодо малга 100, койго 40 доллар субсидия берип жатканын айтып баштаганда, вице-спикер Мирлан Бакиров депутат суроо берип жатканда талашпай, ортодон чыгып сүйлөбөй угуп турушун эскертти.

"Ургаачы малдан эле Кыргызстандын келечеги көз каранды болуп калат бекен. Тыюу салып коюш оңой, өзүңөр бир тутам чөп бербейсиңер. Мал баккандарга субвенция, дотация берип койдуңарбы же", — деди Бакиров.

Андан соң министр Тилек Токтогазиев жооп берип, сөз кезеги кийинки депутатка берилди.