БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кийинки жылы өтө турган президенттик жана парламенттик шайлоону өткөрүүгө 853 миллион сом керектелери пландалууда. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков парламентте билдирди.
Анын айтымында, бул акча 2021-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө киргизилген эмес.
"Президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтүп жатат, парламенттик шайлоо 2020-жылы өтүш керек эле. Ошондуктан 2021-жылдын бюджетинин долбооруна кирбей калган. Экинчи окууда бул каражатты кайдан таба турганыбызды көрсөтөбүз", — деди Новиков.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоо кийинки жылдын 10-январына белгиленген. Ал эми парламенттик кайра шайлоо июнь айына чейинки мөөнөткө жылдырылган.