Парламент 2021-жылдын Республикалык бюджетин биринчи окуудан колдоду

Бюджеттин көлөмү чет өлкөдөн алына турган гранттарды кошуп эсептегенде 163 миллиард сом болору пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары 2021-жылга карата Республикалык бюджеттин долбоорун биринчи окууда жактырды.

Кийинки жылга карата бюджеттин долбоору менен премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков тааныштырды. Эл өкүлдөрү сунуштарын берип, алымча-кошумчаларды эске алуу менен биринчи окуудан колдоп беришти.

Сөз талашпаңыз! Вице-спикер Бакиров министр Токтогазиевди какты
Республикалык бюджеттин көлөмү чет өлкөдөн алына турган гранттарды кошуп эсептегенде 163 миллиард сом болору пландалууда. Бул 2020-жылдын биринчи кабыл алынган бюджетине салыштырмалуу 610 миллион сомго аз. Ал эми кайра өзгөртүлгөндөн кийинки бюджет боюнча 25,9 миллиард сомго көбөйөт.

Чыгаша бөлүгүн 170,1 миллиард сом менен бекитүү сунушталууда. Муну менен бюджеттин тартыштыгы 7,1 миллиард сомду түзөт.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын бюджети алгачкы ирет кабыл алынганда кирешеси 163 миллиард 610 миллион сом, чыгашасы 171 миллиард 563 миллион сомду түзгөн. Дефицит 7 миллиард 953 миллион сом деп белгиленген. Бирок коронавирустун жана өлкөдөгү саясий башаламандыктын кесепетинен улам эки ирет өзгөртүлдү.