Бишкектин Октябрь районуна аким болуп Караколдун экс-мэри келди

Буга чейин жетекчи коррупциялык иштерге шектелип кармалган болчу. Кызматка ушундай кадрды алып келгени үчүн Түлөбаев кечирим сураган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бишкектин Октябрь районуна жаңы аким болуп Данияр Арпачиев дайындалганын шаар мэриясы билдирди.

Маалыматта тиешелүү буйрукка калаа башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгону айтылды.

Эскерте кетсек, мурунку аким Константин Куценко коррупцияга шектелип Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалган.

Ал эми Арпачиев буга чейин Каракол шаарынын мэри, Тоң районунун акими болуп иштегени маалым.