Коопсуздук кеңешинин катчысы ТЭЦтин ишин көрүп, даярдыгын текшерди

Бүгүнкү күндө Бишкек ТЭЦине күз-кыш мезгили үчүн 295 миң тонна көмүр алынган, калган бөлүгү иш графиги менен өз убагында берилип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бишкектин жылуулук электр борбору (ТЭЦ) кыш мезгилинде борбор калааны жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылууга даяр, бардык жабдуулар, казандар менен агрегаттар штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев ЖЭБдин иши менен таанышуу үчүн барганда белгилүү болду.

Президенттин маалымат кызматынын билдиргени боюнча, Мусаев борбор калаа тургундарынын батирлерине жылуулуктун берилишин камсыз кылуучу от казандар менен буу казандардын иштөө процессин көрүп чыккан.

"Бишкек ТЭЦинин директору Андрей Воропаев менен Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаевдин берген маалыматына ылайык, көмүрдүн суткалык керектөөсү орто эсеп менен 6-7,5 миң тоннаны түзөт. Ал эми жылдык керектөөсү 1 миллион 110 миң тонна көмүр болсо, анын 800-850 миң тоннасы күз-кыш мезгилинин муктаждыгына кетет", — деп айтылат маалыматта.

УКМК ЖЭБ кызматкерлеринин пара алган мыйзамсыз схемасын аныктады
Бүгүнкү күндө Бишкек ТЭЦине күз-кыш мезгили үчүн 295 миң тонна көмүр алынган, калган бөлүгү иш графиги менен өз убагында берилип жатат.

Борбор 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине борбор калааны жылуулук жана ысык суу менен толук камсыз кылууга даяр экени, бардык жабдуулар, казандар менен агрегаттар штаттык режимде иштеп жатканы белгиленди.

Натыйжада Коопсуздук кеңешинин катчылыгы өлкө жетекчилиги үчүн маалыматтарды жана ТЭЦтин ишин жакшыртууга багытталган тийиштүү сунуштарды даярдап бермей болду.