Бишкектеги супермаркеттерге күнү-түнү иштөөгө уруксат берүү сунушталды

Буга чейин соода борборлору, супермаркеттер жана дүкөндөр түн ортосуна чейин гана иштеп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бишкекте супермаркеттерге суткасына мурдагыдай 24 саат иштөөгө уруксат берүү пландалып жатат. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб кабарлады.

Балбак Түлөбаев Октябрь районунун акимин дайындаганы үчүн кечирим сурады
Мындай сунушту мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев берген.

Буга чейин соода борборлоруна, супермаркеттерге жана дүкөндөргө түн ортосуна чейин иштөөгө уруксат берилген болчу.

Түлөбаев ишкердик тууралуу сөз кылып жатып, ордо калаада коронавируска байланыштуу чектөөлөр бара-бара алынарын убадалаган эле.