Бишкектин кинотеатрлары качан ачылары айтылды

Мэрдин милдетин аткаруучунун айтымында, кинозалдардагы орундуктар 50 пайызга гана толот. Соода борборлордогу тамак-аш саткан жайлар дагы ачылат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бишкекте 1-декабрдан тарта кинотеатрлар ачылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Ал мындай сунушту Республикалык штабга бергенден кийин алар уруксат кылганын белгилеген.

Жакында кинотеатрлар ачылат. Кино көргөнү барасызбы? Ооба, сөзсүз. Чоң экрандан кино көргөндү сагындымОоба, кооптуулук болсо да барууну пландап жатамЖок, коронавирус күчөп турган кезде барбай эле койгон жакшы Жок, анткени бул жылы жакшы тасма жок
“Биз кинотеатрларды 1-декабрдан тарта ачуу боюнча чечим кабыл алганы жатабыз, бирок залдар 50 пайызга гана толот. Соода борборлордогу тамак-аш саткан жайлар дагы ачылат. Санитардык нормалар боюнча алгоритм жакшы”, — деди Түлөбаев.

Ал ошондой эле мектеп, бала бакчаларды эске албаганда акырындык менен шаардагы чектөөлөр алынарын, тойканаларга өзүнчө алгоритм киргизилерин кошумчалады.

Кыргызстандагы кинотеатрлар 2020-жылдын март айынан бери иштебей келет. Буга COVID-19 илдетине байланыштуу жарыяланган өзгөчө абал себеп болгон. Сентябрда кинотеатр ээлери бийликтен ишкерликти улантууга уруксат берүүнү өтүнгөн. Алгач кинотеатрлар 19-ноябрда ачылары айтылган, бирок кийин штаб чечим кабыл ала электиги маалым болгон.