Новиков КЭР элчиси менен "Торугарт" жана "Эркечтамдын" ишин жандантууну кеп кылды

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы авиакаттамдарды кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө да пикир алмашышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Новиков кытай тарапка коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөштө үзгүлтүксүз көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.

Элчи Ду Дэвэнь маалымдагандай, жугуштуу оору менен күрөшүү үчүн кезектеги гуманитардык көмөк көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Ал өлкөгө жакынкы аралыкта жеткирилет.

Тараптар кыргыз-кытай соода жана инвестициялык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

"Кытай биздин негизги соода жана инвестициялык өнөктөшүбүз. Өкмөт кытайлык инвесторлорду коргоону камсыз кылууга даяр жана өз ара соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багыт алды. Мен өзүм соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын теңтөрагасы катары инвестициялык өз ара аракеттенүүнү талкуулоо үчүн кытайлык бизнес өкүлдөрү менен жолугууга даярмын", — деди Новиков.

ЕАЭБ жана Кытай бажы ташуулары боюнча маалымат алмашууну баштайт
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштеши жөнүндө да сөз болуп, Ду Дэвень КЭРдин Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Кашкар аймагындагы учурдагы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалымат берген.

Кыргыз тарап бул өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды. Мындай аракет жүк ташуучу унаалардын көбүрөөк өтүүсүнө өбөлгө түзөрү белгиленген.

Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн ортосунда жума сайын жарандык жана чартердик рейстерди уюштуруу менен авиакаттамдарды калыбына келтирүү жөнүндө пикир алмашышты.