UFC Макгрегор менен Порьенин беттеши өтө турган күндү расмий бекитти

Кармаш кайсы жерде өтөрү азырынча белгиленген эмес. Алдын ала маалыматта реванш Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында болору айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. UFC уюмундагы эки салмактын экс-чемпиону Конор Макгрегор америкалык Дастин Порье менен январда беттешет. Бул тууралуу аталган уюм өзүнүн Instagram баракчасына расмий жарыялады. 

Буга чейин аталган беттеш тууралуу ЖМКларда айтылган. Таймаш кайсы жерде өтөрүн промоушен азырынча белгилеген эмес. Алдын ала маалыматта реванш Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында болору айтылат.

"Реванш расмий белгиленди. Дастин Порье Конор Макгрегор менен 23-январда UFC 257 мелдешинде кез келет", — деп айтылат маалыматта.

Ушул жылдын июль айында Макгрегор спорттон кеткенин жар салган. Ирландиялык мушкер америкалык Порье менен буга чейин 2014-жылы беттешип, биринчи эле раундда техникалык нокаут менен уткан.