Трамп бийликти Байденге өткөрүп берүүнү баштады

Буга чейин CNN телеканалы GSA кызматы жана анын башчысы Эмили Мерфи Демократиялык партиянын талапкерин шайлоонун жеңүүчүсү деп тааныганын кабарлаган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп жалпы кызматтар башкармалыгына (GSA) бийликти биринчи протоколдо жазылгандай Жо Байденге өткөрүп берүү тапшырмасын бергенин жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Буга чейин CNN телеканалы GSA кызматы жана анын башчысы Эмили Мерфи Демократиялык партиянын талапкерин шайлоонун жеңүүчүсү деп тааныганын кабарлаган. Ошондой эле аталган кызмат бийликти өткөрүп берүү даярдыгы тууралуу маалымдаганы кошумчаланган.

"Биздин иш алдыга жылып баратат, кармашты улантабыз, жеңебиз деп ишенем. Бирок өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн мен Эмили Мерфи жана анын командасына биринчи протоколдо жазылган нерселерди аткарышы керектигин сунуштайм. Өзүмдүн командама да ушуну айттым", — деп жазган Трамп Twitter баракчасына.

Жалганчы ЖМК, начар компания. Трамп Байдендин жеңишине нааразы экенин айтты
Бул билдирүүсү менен АКШ лидери жеңилгенин мойнуна алуудан баш тарткан. Бирок бийликти өткөрүп берүү процедураларын баштоого уруксат берген.

Байдендин штабы дагы бул маселе аягына чейин чечилгенин белгиледи.

Байдендин штабынын аткаруучу директору Йоханнес Абрахам "АКШда бийликти Жо Байденге өткөрүп берүү пандемия жана улуттук коопсуздук темаларын талкуулоодон башталат" деген пикирин калтырган.

Эске салсак, 3-ноябрь күнү АКШ өзүнүн 46-президентин шайлады. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен мурдагы вице-президент Жо Байдендин жеңишке жеткени айтылган.