Өкмөт жаңы жыл алдындагы жамааттык кечелерге бөгөт коюуга ниеттенип жатат

Бийлик жаңы жылдык кечелерге чектөөлөрдү киргизүү же толугу менен токтотуу тууралуу маселени кароодо.
Sputnik

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Өкмөт жамааттык жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салышы мүмкүн.

Бул маселени карап чыгуу сунушун вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Республикалык штабга киргизди. Чоо-жайы азырынча белгисиз, бирок кеп чектөөлөрдү киргизүү же толугу менен кечелерди токтотуу тууралуу болуп жатканы айтылат.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавируска 70 366 адам кабылды. Анын ичинен 61 593 бейтап сакайып, 1 241и каза болду.