БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда ашыкча салмак менен аялдарга караганда эркектер көбүрөөк жабыркайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Ведомство жашы жеткендерден тарта бардык жарандарды салмагы боюнча төрт топко бөлүп караган. Алар: арыктар, салмагы нормадагылар, ашыкча салмагы барлар жана өтө толуктар.
Маалымат төмөнкүчө:
- арыктар — эркектердин бир пайызы, аялдардын 1,9 пайызы;
- салмагы нормадагылар — эркектердин 50,1 пайызы, аялдардын 52,7 пайызы;
- ашыкча салмагы барлар — эркектердин 40,4 пайызы, аялдардын 32,5 пайызы;
- өтө толуктар — эркектердин 8,5 пайызы, аялдардын 12,7 пайызы.
Бул өткөн жылга карата берилген маалымат.