Салттуу кийим куп жарашкан кыргыздын мырзалары. Көз кубанткан 15 сүрөт

Sputnik

Кеп такыячан эл алдына чыгуу уят болот. Салттуу баш кийимдердин сырлары
Кыргыз элинде илгертеден кийимге байланыштуу бир катар эрежелер болгон. Мисалы, кийимди жерге таштоого, баш кийимге отурууга, аны ыргытууга, айлантууга, баш алган жерге белекке берүүгө болбойт.

Анын ичинде эркек кишинин кийимине да ѳзгѳчѳ мамиле жасалган. Алсак, эркек адамдын кийиминен аттабайт, аны тебелебейт, ал тургай эркектин кийиминин үстүнө аял кишинин, кыз баланын кийими коюлбайт деген түшүнүк жашаган. Бул эркекке болгон сый-урматтын белгиси деп кабыл алынып, балдарды тарбиялоодо чоң мааниге ээ болгон.

Кыргыздын баш кийимдеринин тарыхын билип, көз жоосун алган сүрөттөрдү сөзсүз көрүңүз.

1 / 15
Салттуу кийимчен кичинекей Тагай. Кыргыздар эзелтен бөбөктөрдүн кийимдерине кыз-эркегине карабай тумар жана ар кандай мончокторду тагып коюшкан. Эл ичинде тумар, мончок тагуу баланы суук көз, суук сөздөн сактайт деген түшүнүк жашаган.
2 / 15
Козу көтөргөн бөбөк. Ал башына калпак, жонуна чапан кийип жайлоодо түшкөн. Салттуу баш кийим катары калпак байыртан тарта азыркы күнгө чейин сакталып, кийилип келет.
3 / 15
Жайлоодогу жай турмуш. Оюнга тое элек өспүрүм.
4 / 15
Башына көрпө тебетей кийген өспүрүмдөр тогуз коргоол ойноп жатышат. Алардын шымдары таардан тигилген.
5 / 15
Сүрөттөгү баланын башындагы телпек деген баш кийим. Ал тебетей сымал төрт талаа болуп бычылат да, козунун же койдун терисинен ичилик салынбай тигилет, жапыз болот. Азыр бул баш кийимди сейрек кездештиребиз.
6 / 15
Боз үйдүн түбүндө камчы өрүп жаткан жигит. Илгери үйлѳнѳ турчу жигитке арнап атайын кийим тигишкен. Жеңелери ычкыр ѳргѳн. Жаңы үйлѳнгѳн уулуна арнап атасы кемер кур таккан.
7 / 15
Илгери мергенчилер аң уулоого жаргак, теке шымдарды кийишкен. Белине атайын кур илгич курчанып, аңчылыкка керектүү буюмдарды: оттук таш, шибеге, бычак, дүрмөт, ок куюлуучу калыпты дайыма алып жүрүшкөн. Буттарына чарык кийип, ага айрым учурда жааларын сайып койгон.
8 / 15
Жылкы менен кыргыздын мырзаларын бөлүп кароо таптакыр мүмкүн эмес. Баса, сүрөттөгү кишинин белиндеги буюм кур илгич деп аталат. Аны мергенчилер жана орто жаштагы эркектер тагынышкан.
9 / 15
Шар аккан суунун боюнда Жеңижоктун "Аккан суу" чыгармасын аткарып жаткан дастанчы Өмүрзак Кайыпов
10 / 15
Аңчылык, устачылык, зергерчилик кыргыздын эркектерине мүнөздүү өнөр болуп эсептелген. Керектүү буюмдун баарын усталар өздөрү жасашкан. Алсак, ошол эле боз үйдүн жыгач-ташы, ат жабдыктары, үй оокаттарынын баары усталардын колунан чыккан.
11 / 15
Пайгамбар жашынан өтүп калган аксакал. Небересине зергерлик өнөрүн үйрөтүп жаткан учуру. Аксакалдын башындагы калпак болжол менен 1960-жылдары жасалган.
12 / 15
Асман тиреген карагайлар, көпкөк асман жана эт бышырып жаткан кыргыздын эркектери. Бул сүрөттү көрүп жөн гана жайлоого кеткиң келет.
13 / 15
Эркектер үстүнө жегде кийишкен. Жегде — бул кадимки көйнөк. Ал мезгилде эркек көйнөктөр бөз кездемеден тигилген. Мындай көйнөктү алар 5-6 жаштан баштап өмүрү өткөнгө чейин жонунан түшүрүшкөн эмес.
14 / 15
Эркектердин кийими тууралуу дагы бир кызыктуу факт. Илгерки шымдары кийинкилерден бир топ эле айырмаланган. Кышкылары таардан, койдун терисинен, текенин ийленген терисинен бычылып даярдалган. Байлар көбүнчө жаргак шым кийишкен. Жаргак — бул жүнү жыдытылып, мыкты ийленген тери.
15 / 15
Климаты катаал шартта жашаган аймактарда кышкысын аял-эркек дебей үстүнө ичик, тон кийишкен. Оокаттуу кыргыздар ичикти илбирс, карышкыр, сүлѳөсүн жана башка жандыктардын терилеринен жасатышкан.