Коронавирус бир суткада 481 кишиден табылды. Жалпы саны 70 миңден ашты

Бир сутка ичинде КРде 16 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Анын ичинен үчөө ооруну кызыл зонадан илештирген.
Sputnik

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 481 кишиден табылып, 433 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, оору илештиргендердин көбү Чүй облусунда катталган. Бишкек шаары экинчи орунда турат.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 124;
  • Ош – 16;
  • Чүй облусу – 176;
  • Ош облусу – 22;
  • Талас облусу – 14;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 35;
  • Жалал-Абад облусу – 67;
  • Баткен облусу – 21.

Айыккандар:

  • Бишкек – 80;
  • Ош шаары – 18;
  • Чүй облусу – 82;
  • Ош облусу – 77;
  • Талас облусу – 30;
  • Нарын облусу – 8;
  • Ысык-Көл облусу – 54;
  • Жалал-Абад облусу – 50;
  • Баткен облусу – 34.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 70 366 болду. Анын ичинен 61 593 бейтап айыккан. Кечээ дагы төрт адам каза таап, оорудан көз жумгандардын саны 1 241ге жетти.

Бир сутка ичинде 16 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Анын ичинен үчөө ооруну кызыл зонадан илештирген.

  • Бишкек шаары – 5 (кызыл зонадан 2);
  • Чүй облусунда – 2;
  • Ош облусунда – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 3;
  • Баткен облусунда – 2 (кызыл зонадан 1);
  • Ысык-Көл облусунда – 1;
  • Нарын облусунда – 1;
  • Талас облусунда – 1.

Ал эми бир суткада үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган.