Министр Казакбаев КРдеги кытайлык ишкерлер менен жолукту. Эмне талкууланды

ТИМ башчысы мамлекеттик аппаратка кардиналдуу реформа жасоо боюнча өкмөттүн жаңы пландарын айтып берген.
Sputnik

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жана өлкөдө иш алып барган кытайлык компаниялардын, биргелешкен ишканалардын жана ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушуу ТИМ тарабынан демилгеленип, 30 өкүл катышкан. Анда Казакбаев кытайлык инвесторлор жана ишкерлер Кыргызстанда өтө кыйын кырдаал болуп жатканына карабай, жаркын келечеги бар экенине ишенүү менен соода жана инвестициялык алакаларды улантып жатканын белгилеп өттү.

Кыргызстан карыз төлөөдө жеңилдик берүүнү Кытайдан дагы бир ирет сурады
Ошондой эле министр кытайлык кесиптеши менен 16-ноябрдагы телефон аркылуу сүйлөшүүдө өкмөт Кыргызстанда иштеген кытайлык компаниялардын жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү чараларды кабыл аларын билдиргенин айткан.

Ошондой эле тараптар "Торугарт" жана "Эркеч-Там" кыргыз-кытай чек ара көзөмөл-өткөрмө пунктуларынан жүк ташуунун агымын көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурган.

"Министр жолугушууда кыргыз тарап КРдеги инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу шарттарын жакшыртуу боюнча саясат жүргүзүп жатканын билдирди. Аны менен катар мамлекеттик аппаратка кардиналдуу реформа жасоо боюнча өкмөттүн жаңы пландарына өзгөчө көңүл бурду. Аны менен катар кытайлык компанияларды шек жараткан өнөктөштөр менен кызматташуудан оолак болуп, КРдин тийиштүү ведомстволору менен түздөн-түз диалог түзүүгө чакырды", — деп айтылат маалыматта.

Андан соң кытайлык ишкерлер көйгөйлүү маселелерин ортого салып, суроолорун узатып, бизнеске ыңгайлуу шарт түзүү боюнча каалоолорун айткан. Ошону менен бирге коронавирус жана өлкөдөгү саясий туруксуздуктун терс таасиринен улам ишкердик жүргүзүүгө жеңилдиктерди берүүнү сурашкан.