УКМК башчысы Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды. Видео

Камчыбек Ташиев айыл өкмөт башчысынын пикирин уккан соң УКМК эч качан саясий куугунтук менен алектенбей турганын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновду кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

"Төрага УКМКнын кызматкерлерине доомат коюп видеокайрылуу тараткан Сайпидиновду кабыл алып, анын пикирин укту. Жыйынтыгында тиешелүү тараптарга видеокайрылууда айтылган айыптоолор боюнча ар тараптуу жана тыкыр иликтөөнү тапшырды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Ташиев УКМК эч качан саясий куугунтук же ушул сыяктуу мотивдер менен иш алып барбасын айтканы кошумчаланды.

Эске салсак, УКМК Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов менен Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаевдин үйүн тинтүүгө алган. Бул аракеттер криминалдардын облустагы коомдук-саясий кырдаалга таасир этишине жол бербөөгө багытталганы айтылган.

Учактан спецназ желкелеп алып кетти. Кримтөбөл "Чачтын" кармалган видеосу
Көп өтпөй Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Сайпидинов өзүнүн туугандарына жана Сарай айыл өкмөтүнүн жетекчиси Тургунбаевдин апасына орой мамиле кылынды деп УКМКнын кызматкерлерин айыптап видеокайрылуу жасаган. Мындан улам ведомстводон Сайпидиновдун сөзүн чындыкка туура келбесин айтып, маалыматты төгүндөшкөн.

Белгилей кетсек, аты аталган эки айыл өкмөт башчысы тең 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясынын желеги алдында катышкан. Бири 119, экинчиси 126-тизмеде болчу. Алардын бири Мунарбек Сайпидинов Райым Матраимовдун өкүл баласы экени маалым.