Көгала болгон Шевченко менен Липскинин жайдары жүздөрү. Сүрөт

Сүрөттө сулуу жүздөрүндө соккулардын көгала изи көрүнүп турган спортчу кыздар жылмайып турушат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. UFC мелдешинде мушташкан Антонина Шевченко менен Адриана Липскинин беттештен кийинки сүрөттөрү чыкты. Мушкерлердин бети-башы көгала болгон жайдары маанайдагы сүрөттөрүн Шевченко өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.

Валентина Шевченконун кийинки беттештеги болжолдуу атаандашы айтылды
Шевченко ММА спортундагы кыздардын ынтымагын жана күчтүүлүгүн даңазалаган билдирүү калтырган.

Сүрөттө сулуу жүздөрүндө соккулардын көгала издери көрүнүп турган спортчу кыздар жылмайып турушат.

Мушкерлер UFC 255 турниринде кез келишип, экинчи раундда кыргызстандык мушкер кыз техникалык нокаут менен утуп алган.

Антонинага мыкты, кызыктуу беттеш көрсөткөнү үчүн UFC уюмунан 50 миң доллар бонус берилмей болду.