Тёплые Ключи тоосунан 19 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Бул кылмыштын бетин ачууну Ички иштер министрлигинин жана Чүй ОИИББдин жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Аламүдүн районунун Тёплые Ключи тоосу тараптан 19 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул туурасында Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери тактоо иш-чараларын жүргүзүп, маркумдун Нарын облусунда туулган 19 жаштагы О.Э. аттуу жаран экени аныкталган.

Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат. Бул кылмыштын бетин ачууну Ички иштер министрлигинин жана Чүй ОИИББдин жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алганы белгиленет.