Сокулукта токмоктолгон жеткинчек. Өгөй атасы милицияга жеткирилди

Буга чейин баланын сабалганы боюнча маалымат соцтармактарга тараган. Анын энеси бойдон түшүп калуу коркунучу болгондуктан ооруканада жатканы кабарланган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. – Sputnik. Сокулукта алты жаштагы баланын сабалышы боюнча милицияга жеткинчектин өгөй атасы жеткирилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Учурда киши көрсөтмө берип жатат, бирок камакка алына элек.

Араванда милиционерди себепсиз уруп жиберди делген киши кармалды
Буга чейин баланын сабалганы боюнча маалымат соцтармактарга тараган. Жеткинчектин денеси көгала болуп, бети шишип кеткен. Ошондой эле көзүнө кан уюган. Таякталган баланын сүрөтү дагы жарыяланган. Маалыматта киши аялдын экинчи күйөөсү жана андан кош бойлуу экени айтылган. Бойдон түшүп калуу коркунучу болгондуктан ооруканада жатканы кабарланды. Сабалган алты жаштагы наристе дагы ооруканада.

Милициядан билдиришкендей, 18-ноябрь күнү 25 жаштагы аял баласын сабап салган 33 жаштагы күйөөсүнө чара көрүүнү суранып кайрылган.

Бала кандай деңгээлде жаракат алганын аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Факт милиция тарабынан каттоого алынып, шектүүнү кармоо үчүн ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.