Сокулукта алты жаштагы бала катуу сабалып, энеси күйөөсүн айыптап жатат

Аял баласын алып кетип, күйөөсүнө каршы милицияга арыз жазган. Милициядан кабарлашкандай, шектүү колго түшө элек.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Сокулукта алты жаштагы бала катуу сабалып, кылмышка өгөй атасы айыпталууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Милиция бөлүмүндө көз жумган шектүү жигит. Алты кызматкер кармалды
Буга чейин баланын сабалганы боюнча маалымат соцтармактарга тараган. Жеткинчектин денеси көгала болуп, бети шишип кеткен. Ошондой эле көзүнө кан куюлган. Таякталган баланын сүрөтү дагы жарыяланган. Маалыматта киши аялдын экинчи күйөөсү жана андан кош бойлуу экени айтылган. Бойдон түшүп калуу коркунучу болгондуктан ооруканада жатканы кабарланды. Сабалган алты жаштагы наристе дагы ооруканада.

Милициядан билдиришкендей, 18-ноябрь күнү 25 жаштагы аял баласын сабап салган 33 жаштагы күйөөсүнө чара көрүүнү суранып кайрылган.

Бала кандай деңгээлде жаракат алганын аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Факт милиция тарабынан каттоого алынып, шектүүнү кармоо үчүн ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.