Президент болом деген талапкерлердин саны 48ге түштү. Кимдер четтеди

Жалпы жонунан президенттик шайлоого катышам деп 65 киши арыз берген. Бирок талапкерликти көрсөтүү процесси аяктаганга чейин эле эки жаран арызын чакыртып алган. Натыйжада 63 талапкер калган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Учурда президенттик кызматка 48 адам талапкерлигин коюуда. Буга чейин 15 жаран жарышка катышуудан баш тарткан. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Эске салсак, шайлоого катышууга жалпы жонунан 65 киши арыз берген. Бирок талапкерликти көрсөтүү процесси аяктаганга чейин эле эки жаран арызын чакыртып алган. Натыйжада 63 талапкер калган. Эми алардын дагы 15и жарыштан четтеди. Төмөндө алардын аты-жөнү жана себептери келтирилди.

Соттуулугу жоюла электер:

Кыргыз тилинен тест тапшырганы боюнча "Кыргызтесттин" сертификатын бербегендер:

  • Анар Зарипова;
  • Анаркүл Араева;
  • Тынчтык Акжолтоев;
  • Юлия Лилиенталь;
  • Чыңгыз Капаров;
  • Жээнбек Искендеров;
  • Елена Клипачева;
  • Султан Аджиматов;
  • Куттумидин Базаркулов.

Дагы үчөө арызын чакыртып алган:

  • Карачач Исмаилова;
  • Орозобек Мадинов;
  • Марат Кайыпов.

Президенттикке катышам деп арыз берген 63 жарандын толук тизмесин материалдан окуңуздар.