Конституциялык кеңешмеде Кыргызстандын аталышын өзгөртүү сунушталды

Кошалиевдин пикири боюнча, элдик бийлик кирип жаткандан кийин мамлекеттин аталышына "эл" деген сөз кошулушу керек.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Конституциялык кеңешменинин мүчөсү Кадыр Кошалиев бүгүнкү жыйында Кыргыз Республикасынын аталышын өзгөртүүнү сунуштады.

Анын пикиринде, элдик бийлик кирип жаткандан кийин "эл" деген сөз кошулушу керек.

"Кыргыз Эл Республикасы" деген аталышты сунуштайбыз. Элдик бийлик кирип жатканына байлыныштуу аталышында эле "эл" деген сөз турушу керек. Кытай Эл Республикасы дегендей эле", — деди Кошалиев.

Ошондой эле ал элдик бийлик менен мамлекеттик бийликти бири-бири менен кынаштырып орду менен алып келген түйүн — бул Элдик курултай экенин белгиледи. Андыктан бул маселе боюнча Конституциялык кеңешменин өзүнчө бир жыйынын өткөрүп, жол-жобосун тактоону сунуштады.