Жуктургандар дагы деле көп. Кыргызстандагы COVID боюнча статистика

Кыргызстанда күздүн келиши менен кайрадан күч алган коронавирус басаңдабай келет. Күн сайын бир нече адамдын өлүмү катталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада 304 киши коронавирус жуктурса, 349 адам сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 101;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 51;
  • Ош облусу – 19;
  • Талас облусу – 16;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 32;
  • Жалал-Абад облусу – 72;
  • Баткен облусу – 8.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 112;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 44;
  • Ош облусу – 29;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 35;
  • Жалал-Абад облусу – 54;
  • Баткен облусу – 70.

Өлкөдө коронавирус аныкталган учурлардын саны 69 885ке жетти. Анын ичинен 61 61 160 киши айыкса, 1 237 бейтап көз жумду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Алардын бири Жалал-Абадда, экинчиси Ош облусунда иштейт.

Ал эми бир суткада стационардан үч, үй карантининен эки медкызматкер чыгарылган.