Коронавирустун жеңил формасы менен ооруп, үйдө дарыланган адамдар рентген, компьютердик томографияга түшпөй эле коюшу керек. Аларга бул текшерүүнүн кереги жок. Азыр вирусту алып жүргөн адамдар аппаратка түшөт элем деп бардык жерди кыдырып ооруну таратып жатат. Бул тууралуу Талант Сооронбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ооруган адам үйүнөн чыкпай обочолонуп, 118 кызматына же үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун номерине чалып, телефон аркылуу гана консультация алышы керек.
"Дүйнөлүк изилдөөлөргө таянсак, коронавирус жуктуруп алгандын алгачкы беш күнү рентген же компьютердик томографияга тартканда өпкөдөгү өзгөрүүлөр көрүнбөйт. Бул жабдыктарга оорунун белгилери билингенден кийинки 6-7-күндөрү түшкөндө гана жыйынтык алса болот. Ошондуктан текшерүүлөрдөн дарыгердин гана сунушу менен өтүү зарыл. Өзүм билемдикти токтотуш керек. Ал эми аймактарда компьютердик томография жок, бирок рентгендин жыйынтыгы менен тажрыйбасы аз дарыгер деле өпкөдөгү өзгөрүүлөрдү көрө алат. Албетте, компьютердик томография пневмония жаңы башталып жаткан учурун так, даана көрсөтөт. Бирок эгер сиз жашаган аймакта ал аппарат жок болсо, томографияга түшөт элем деп башка райондорго барбоого чакырат элем. Ошондой эле дарыгерлер ооруган адамды Бишкекке барып көрүнүп кел деп жибергени туура эмес", — деди Сооронбаев.
Дарыгер бейтаптарды тартиптүү болуп, врачтын айтканы менен гана дарыланууга чакырды.