Көк бөрү: Манас Ниязов ойногон "Ала-Тоо" командасы жогорку лигага өттү

Президенттин кубогу мелдешинде биринчи лигада финалга чыккан эки команда автоматтык түрдө жогорку лигага өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Атактуу улакчы Манас Ниязов ойногон "Ала-Тоо" командасы жана Ысык-Көлдүн "Мурас" тобу көк бөрү боюнча жогорку лигага алынды. Бул тууралуу Көк бөрү улуттук федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Эрежеге ылайык, президенттик кубокто биринчи лигада финалга чыккан эки команда автоматтык түрдө жогорку лигага ойногонго жолдомо алышат.

"Жакында өткөн "КР президентинин кубогу – 2020" турниринде биринчи лиганын "Мурас" жана "Ала-Тоо" командалары финалга чыгып, биринчи жана экинчи орундарды ээлешкен. Эрежеге ылайык, бул командалар автоматтык түрдө жогорку лигага алынат. Ал эми буга чейин жогорку лигада ойноп келген "Бакубат-Талас", "Кара-Буура" жана "Ат-Башы" командалары биринчи лигага түштү", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, белгилүү көкбөрүчү Манас Ниязов "Достук" командасынан кетип, Оштун жаңыдан уюшулган "Ала-Тоо" командасына кошулган. Аны менен кошо "Достуктун" экс-капитаны Таши Майлибашев да "Ала-Тоого" өткөн.

"Ала-Тоо" уюшулганына аз убакыт болгонуна карабай биринчи лигада "Мурас" командасы менен финалга чыгып, 5:3 эсебинде утулуп экинчи орунду ээлеген

Манас Ниязов мелдеште эң көп салым салган улакчы болгон.